Сүрөт — Ала-Букада 3 тез жардам унаасы тапшырылды
Turmush - Бүгүн, 2-декабрда Ала-Бука районунда саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу багытында 3 тез жардам унаасы тапшырылды, деп билдирет аймактык кабарчы.
Тапшыруу аземине эл өкүлү Азизбек Турсунбаев, Ала-Бука районунун акими Эмил Абдыкадыров жетектеген мекеме-ишканалардын башчылары жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери катышты.
Ала-Бука райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна «УАЗ-Э962» үлгүсүндөгү 2 тез жардам унаасы жана «Тойота» үлгүсүндөгү 7 орундуу тез жардам унаалары тапшырылды. Буга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан 2 800 000 сом жумшалды.
«Эки унаа үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда калса, бири алыскы чек арага чектеш 1-Май айыл аймагына берилди», - деп билдиришти райондук мамлекеттик администрациядан.