Мухамед Чокоев «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын башкы директору болду (өмүр баяны)
Turmush - Мухамед Чокоев «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын башкы директору болуп дайындалды.
Аймактык кабарчы маалымдагандай, жаңы жетекчи бүгүн, 2-декабрда жамаатка тааныштырылды. Анда ишкананын жамааты мурунку директор Нурманбет Жекшеевге ыраазычылык билдиришип, чепкен жана калпак кийгизишти. Ошондой эле жаңы жетекчи ишкананын абалын оңдоого болгон мүмкүнчүлүгүн жумшарын айтты.
Мухамед Чокоев бул кызматка 29-ноябрда дайындалган.
Өмүр баяны
Аты-жөнү: Чокоев Мухамед Чокоевич
Туулган жылы: 1968-жылы
Туулган жери: Кара-Көл шаары
Билими:
- ЖАМУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында инженер-куруучу адистигин алган;
Эмгек жолу:
- 1995-2000-жылдары — Нарын ГЭСте мастер, жабдуучу, экспедитор;
- 2000-2006-жылдары — Нарын ГЭСте инженер, мастер;
- 2006-2008-жылдары — Камбар-Ата ГЭСте курулуш жетекчи;
- 2008-2012-жылдары — Курулуш башкармалыгында бөлүм башчы;
- 2012-2013-жылдары — Башкы энергетик жана кызматкерлерди тамак-аш менен жабдуу бөлүмүнүн башчысы;
- 2013-жылдан бери «Нарынгидроэнергокурулуш» ААКтын профсоюздар комитетинин төрагасы.