Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.11.2019 18:45

Кара-Көлдө ачык турнир өтүүдө

Turmush -  Кара-Көл шаарында ачык турнир өтүүдө, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул иш-чара жазуучу Ч.Айматовдун туулган күнүнө, 22-декабрь — Энергетиктердин күнүнө жана Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлүп жатат.

Бүгүн, 30-ноябрда спорттун волейбол жана шахмат түрү боюнча мелдештер старт алды. Токтогул, Кетмен-Төбө жана Кара-Көлдүн 7 командасы волейбол боюнча биринчилик үчүн беттешип жатат. Ал эми шахмат боюнча мелдешке 30дай шахмат сүйүүчүлөр катышууда.

Эртең, 1-декабрда ордо жана стол үстүндө теннис боюнча мелдештер өткөрүлөт. Турнирдин байге фондусуна жергиликтүү боюджеттен 43 миң сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×