Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 29.11.2019 17:35

Кара-Көлдө аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берилди

город Кара-Куль
город Кара-Куль

Turmush -  Кара-Көл шаарында кыш мезгилине карата аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башкы адиси Шайхидин Камбаралиева билдирди.

Маалым болгондой, үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздоо максатында аларга акчалай жардам берилди.

«Бизде каттоодо турган 206 жаран бар. Алардын катарында ата-энесинен ажыраган балдар, эмгектин ардагерлери, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар. Жергиликтүү бюджеттен быйыл 250 миң сом каралып, алардын ар бирине акчалай жардам берилди», - деди ал.

Мындан тышкары, 3-декабрь — Эл аралык майыптарды коргоо күнүнө карата 1-топтогу майып деп эсептелген 100 адамга жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом каралууда. Бул каражат ар бир адамга 400 сомдон бөлүнмөкчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×