Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 29.11.2019 11:47

Сузак менен Аксыда окуучулардын топтошуп мушташуусун алдын алуу иши күчөтүлдү

Turmush -  Аксы РИИБдин кызматкерлери жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мектеп рэкетчилигине жол бербөө максатында айыл аралашып, окуучулар жана ата-энелер менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, район аймагында профилактикалык жумуштарды күчөтүү максатында атайын жолугушуулардын графиги түзүлүп, 12 айыл өкмөттөгү 65 орто мектепте түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Учурда Жаңы-Жол, Авлетим, Ак-Суу айыл аймактарындагы мектептерде жолугушуулар өткөрүлдү.

РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, райондук прокуратура, билим берүү бөлүмү, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана аймактык участкалык инспекторлор мектеп рэкетчилигин жоюу, топтошуп мушташуу жана айдоочулук күбөлүгү жок жаштарга унаа башкарууга жол бербөө максатында атайын лекцияларды өтүп жатышат. Анда кызматкерлер жаштарды тамеки тартуудан, спирт ичимдиктеринен жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөштү.

Ушундай эле түшүндүрүү иштери Сузак РИИБи тарабынан да уюштурулуп, милиция кызматкерлери мектеп окуучулары үчүн атайын лекцияларды өтүштү. Окуучуларга мектепти аяктаган соң туура кесипти тандоо керектиги эскертилип, чакан ишканалардын ишмердүүлүгү, алардын иш процесси менен тааныштырышты. Ошондой эле ата-энелер менен да жолугушуулар уюштурулуп, анда эрте никеге туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарын дайыма көзөмөл кылуу керектиги айтылды. Мындан сырткары улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, диний экстремизм жана өз жанына кыянаттык кылуу сыяктуу көйгөйлүү маселелер дагы талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×