Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 28.11.2019 23:26

Айыл турмушу: Экономист Ж.Мавлянова хоббиси менен каражат табууда

Turmush -  Аксы районунун Туюк-Жар айылынын көп балалуу тургуну Жийде Мавлянова хоббиси аркылуу каражат табууда. Элеттик ишкер эне менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча экономист.

«Өзүм Аксы районунун Кара-Башат айылынын кызы болом. Мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика факультетин ийгиликтүү бүтүргөм. Кийинчерээк коңшу Туюк-Жар айылына келин болдум. Окууну бүткөндөн кийин өзүмдүн кесибим боюнча иштеген жокмун. Анткени айылда мага ылайыктуу жумуш жок болчу. Мындан улам айылдык ден соолук комитетинин төрайымы болуп эмгектенип, өкмөттүк эмес уюмдар менен иштештим. Учурда үй кожейкеси болуп отурам, кээде долбоорлор менен иштешип турам», - дейт ал.

Каарманыбыздын үйүндө гүлдүн 20дан ашык түрү бар.

«Өзүм кичинекей кезимден эле гүл өстүрүүгө кызыгам. Буга чейин үйүбүз кичине болгондугуна байланыштуу кыштын күнү гүлдөрдү үйгө батыра албай, көпчүлүгүн кууратып же суукка алдырып алчумун. Акыркы 3 жылдан бери жаңы үй куруп, кыштын күнү да гүлдөрдү өстүргөнгө мүмкүнчүлүк жаралды. Азыр үйдө 250гө жакын челекке отургузулган гүл бар. Анын баарына күн сайын суу куюп, топурагын карап кам көрөм. Буга чейин интернеттен ахименес деген гүлдү көрүп калып, аны Кыргызстандан таппай койдум. Акыры интернет аркылуу 3 миң сомго сатып алдым. Буйруса өсүп жатат», - деди ал.

Каарманыбыз гүлдөр гүлдөп калган учурда социалдык түйүндөргө сүрөтүн жүктөп, интернет аркылуу сатат.

«Буга чейин атайын гүл челекке цитрус өсүмдүктөрүнөн банан жана киви эгип көрдүм. Абдан жакшы өсүп жаткан. Бирок мен үйдө жокто балдарым суу куйганды унутуп, куурап калыптыр. Көрсө ал өсүмдүктөр нымдуулукту абдан жакшы көрөт экен. Эми алдыда үйүбүзгө гүл жана мөмө-жемиштерди отургузуу үчүн чакан күнөскана курууну пландаштырып жатабыз», - деди каарманыбыз.

Ал буга чейин гүлдүн топурагын сатып алып колдонуп келсе, эми топуракты өзү жер семирткичтер менен байытып жатат. Атүгүл компост жасап, гүлдөргө кам көрүп келет.

Гүл өстүргөн Жийде айым учурда 39 жашта, 6 уулдун мээримдүү апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×