Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 28.11.2019 11:51

Базар-Коргондо «Биз да ырдай алабыз» сынагы өттү

Turmush -  Базар-Коргон районунда 27-ноябрда «Биз да ырдай алабыз» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, сынак ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин жарыяланган «Биз биргебиз» аттуу бир айлык акциянын алкагында уюштурулду. Сынакка ар бир айыл аймактан келген адамдар катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү. Соңунда катышуучуларга райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×