Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.11.2019 11:10 Жаңыланды: 28.11.2019 18:09 На русском

«Казынага кол салгам» деп пенсиядан баш тарткан карыянын ачык баяны

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 68 жаштагы тургуну Абдуллажан Насыров өз каалоосу менен мамлекет чегерчү пенсиядан баш тарткан. «Мамлекеттин казынасына кол салгам, пенсияга чыгууга уятым жол берген жок» деген аксакал өмүр бою айдоочу болуп эмгектенди. Ал пландан ашкан акчаны өзү үчүн сарптаганын айтып, жашы жеткенде өз эрки менен пенсияга чыгуудан баш тарткан. Жубайын дагы мамлекет чегерчү пенсияга чыгарган эмес. Аймактык кабарчы аксакал менен баарлашты.

Өзүнүн айтымында, ал Жалал-Абад шаарында төрөлүп, чоңойгон. 18 жашка толгондо эле Жалал-Абад шаардык аскер комиссариатына айдоочу болуп жумушка орношкон. Ал мекемеде 7 жыл иштеген. Андан соң Жалал-Абад автобазада 5 жыл автобус айдап, 7 жыл такси кызматында иштеген.

«Совет бийлиги орноп турганда Жалал-Абад—Өзгөн багыты боюнча автобус айдадым. Ал маалда бир жүргүнчүнүн жол акысы 1 сом 10 тыйынды түзчү, бир күндө эки жолу каттачумун. Каттамга чыккан күнү план катары 70 сом төкчүбүз. Ал эми айдоочулар эч болбоду дегенде күнүнө 150 сом тапчубуз. Көбүнчө пайдабыз 200 сомдун айланасында болор эле. Ал базада 5 жыл автобуз айдадым. Андан кийин ошол эле автобазада такси кызматында иштедим. Анда жакшы пайда көрдүк. Пландан ашыкча тыйын төккөн жокпуз, бир аз ашыкча сумма төксөң эле планды көбөйтүшү мүмкүн эле. План көбөйүп кетпесин дечүбүз. Ошол учурда өз пайдабызды көбүрөөк ойлогондуктан мамлекеттин казынасына ашыкча тыйын чыгарган жокпуз. Ушул аракетибизди өкмөттүн казынасына кол салдык, уурулук кылдык деп түшүнөм. Ошол үчүн жашым, эмгек тажрыйбам жетсе дагы пенсияга чыгууга абийирим жол берген жок», - дейт аксакал.

Абдуллажан Насыров байбичеси менен

Абдуллажан Насыров байбичеси менен

А.Насыров кезегинде шаарда биринчилерден болуп жеке менчик күйүүчү май сатуучу жай ачкан. Бирок казынага төкпөгөн акча дагы жумшалгандыктан, аны жаап салган. Арам менен адалдын айырмасын кеч аңдаганын айткан аксакал пенсия жашында өз каталарын түздөөнү туура көргөн. Буга убагында чоң кызматта иштеп, казынанын акчасын жеген кишинин тагдыры ага таасир берген.

«Убагында жакшы кызматта иштеген адамдын тагдыры мен катуу ойлонтту. Анткени мен айткан инсан шаардагы 75 соода түйүндү көзөмөлгө алчу, бардык жайлар анда мамлекетке карачу. Ага карабастан соода түйүндөрдө иштегендер ошол адамга өзүнчө бересе берип турушчу. Эл арасында "Бул адам балдарына эмес, небере, чөбөрөсүнө жете турган акча жыйып койду" деп айтып кылышчу. Ал адам дагы каза болду. Бирок анын жылдыгы өтпөй жатып балдары үйүн сатып жок кылышты. Балдары баңгичи, аракеч болуп калды. Арам акча балдарына дагы таасир берди окшойт. Мындан улам мени дагы "арам акча таап жүргөн экенмин" деген ойлор кыйнай баштады. Адал менен арамдын айырмасын кеч түшүнүп калдым. Кезегинде уурулук кылган акчам үчүн кудайдан кечирим сурап жашап жүрөм», - дейт А.Насыров.

Абдуллажан Насыровдун байбичеси Вазирахан Насырова быйыл 63 жашка толду. Вазирахан айым убагында заводдордо иштеген. Жалал-Абад курортунда тазалык кызматкери болуп көп жыл эмгектенген. Ошол мээнеттери үчүн пенсия алгысы келгени менен ага жолдошу макул эмес.

«Бизге окшогондор деле пенсияга чыгып жатат, биз дагы пенсия ала берели» деп жубайым жакшы эле аракет кылды. Мен каалаган жокмун. «Уурдалган акчаны чогуу колдонгонбуз, кереги жок» деп айтып келем. Кудайга шүгүр, ачка калган жерибиз жок, үстүбүздө үйүбүз, жегенге наныбыз бар. Балдарым Орусияда иштейт. Жардам берип турушат. Кудайдан амандыгыбызды тилеп жашап жатам. Байбичем неберелерин карагандан бошобойт. Пенсия албай койгондой жашообуз укмуш эмес», - дейт аксакал.

Жубайлардын 3 кызы, 2 уулу, 17 небере жана 1 чөбөрөсү бар.

Кыргызстанда эркектер 63, аялдар 58 жаштан пенсияга чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×