Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 28.11.2019 09:25

Кара-Көлдө китепканага келген окуучулардын саны өсүүдө

Turmush -  Кара-Көл шаардык китепканасына саякат жасаган окуучулардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу китепкананын жетекчиси Дамира Максуталиева билдирди.

Анын айтымында, фонддо 33417 китеп бар.

«Биздин кичинекей окурмандарыбыз көп. 26-ноябрда №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары келип, жомоктор дүйнөсү менен таанышып кетишти. Китепканачылар окурмандардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша жомокторду же чыгармаларды окуп берип, талкуу жүргүзүштү. Мындай иш-чара жаш муунду китеп окууга кызыктыруу максатында өткөрүлдү. Жомоктор дүйнөсү бөбөктөрдүн ой жүгүртүүсүн, дүйнө таанымын кеңейтет. Жомоктун келечек муунга тийгизген таасири чоң экени талашсыз. Бизге келген окурмандар жан дүйнөсүнө азык алып кетишет. Учурда бизде 400дөй жомок китеп бар», - деди Д.Максуталиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×