Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 27.11.2019 16:28

Чаткалда милиционерлер кышка карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Turmush -  Чаткал РИИБдин кызматкерлери район аймагындагы коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ар бир айылды аралап, тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери окуучуларга мектеп рэкетчилигин жоюу, топтошуп мушташуунун алдын алуу жана айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкарбоо темаларында атайын лекцияларды өтүшүп, жаштарды тамеки тартуудан, спирт ичимдиктеринен жана ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөштү.

Ал эми аймактык участкалык инспекторлор эл арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, мал уурулуктарга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошону менен катар мергенчилик менен алектенгендердин курал сактоочу жайларын, сейфтерин көзөмөлгө алышып, кыштын суук күндөрүндө муктаж болбогон учурларда көчөгө чыкпай, ар кандай кырсыктардан оолак болууга чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×