Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 27.11.2019 20:02

Үйүнө түн ичинде келген сузактык тургун терезени талкалап кирип, аялын сабаган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунда Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси менен (Үй-бүлөдөгү зомбулук) айыпталган Нурматтын кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Нурмат — Сузак районунун тургуну. Үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, Нурмат ушул жылдын 19-апрелине караган түнү саат 01:30 чамасында өзүнүн үйүндө жубайы Надиранын укуктарын бузуп, себепсиз уруп, сабаган. Анын кесепетинен Надира жеңил жаркаттарды алган. Бул тууралуу соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда айтылат.

Кыргызстандагы бардык видеолор: Aimak Akipress

Сот отурумунда Нурмат күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 18-апрель күнү түнкү саат 23:30 чамасында үйүнө келгенин билдирди. Ал үйүнүн эшигин такылдатып, жубайына «эшикти ач!» деп кыйкырганын, бирок аялы Надира менен балдары уктап калышканын кошумчалады. Нурмат жинденип, «өзүмдүн үйүмө өзүм кире албаймынбы» деп үйүнүн бир терезесин таш менен уруп сындырган. Үйүнө терезеси аркылуу кирип, жубайына «мени тоготпой жатасыңбы?» деп 2 жолу бетине урган. Андан кийин жубайы үйүнөн качып чыгып кеткен. Нурмат жубайынын артынан эшикке чыгып, аны таппай калган. Айыпталуучу учурда жубайы менен жарашканын, Надира тосмо арыз жазганын айтып, соттон жоругун өндүрүштөн кыскартууну суранды.

Отурумда жабырлануучу Надира Нурматтын айткандарын тастыктап, жолдошуна доосу жок экенин билдирди.

Жыйынтыгында сот эки тарап элдешип алганына байланыштуу Нурматты кылмыш жоопкерчилигинен бошотту. Чечимге нааразы тарап 10 күндүн ичинде Жалал-Абад облустук сотуна даттана алат.

Соттун өкүмү 19-ноябрда чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×