Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.11.2019 15:10 На русском

Жалал-Абадда уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын аймагында уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 24-29-октябрь күндөрү ШИИБге 7 адам арыз менен кайрылып, ар түрдүү суммадагы буюмдарын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин айтышып, мыйзамдуу чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Алардын бири үйдө эч ким жок учурда 60 000 сомдук алтын буюмдарын жана 5000 сомдук уюлдук телефонун уурдап кетишип, жалпысынан 65 000 сомдук материалдык зыян келтиришкенин билдирген. Жогорудагы жабырлануучулардын арыздарынын негизинде топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө уурулуктун кесепетинен жабырлануучуларга жалпы суммасы 170 000 сомдук материалдык чыгым келтирилгени такталган.

Аталган уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында ОИИБдин жана ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1983-жылы туулган тургуну Н.А. жана Жалал-Абад шаарынын 1991-жылы туулган тургуну И.Х. кармалды. Алар көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы боюнча көрсөтмө беришкен.

Тергөө кызматы тарабынан шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда алардын башка кылмыш иштерине тиешесин аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×