Таш-Көмүрдөгү рейд: Туруктуу жашаган жери жок адамга үй берилди
Turmush - Таш-Көмүр шаарында суук түшкөн мезгилде туруктуу жашаган жери жок атуулдардын өлүмүнө жана кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында ШИИБдин кызматкерлери тарабынан «Көчө» рейди өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Рейддин жүрүшүндө көптөгөн аймактар текшерүүгө алынган.
- Паспорттук эреженин сакталышын көзөмөлдөөдө 1569 адам жашаган 357 кожолук текшерилди;
- Каттоодо турган психикалык жактан жабыркаган 5 адам текшерилип, бирөө Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан республикалык психиатриялык ооруканага жаткырылды;
- Каттоодо турган 146 адам текшерилип, эмне менен алектенип жатканы боюнча түшүнүк кат алынды;
- Эркинен ажыратылуучу жайдан жаңы бошонуп келген 2, шарттуу соттолгон 2 жана спирт ичимдигин көп ичкен 5 атуул каттоого алынып, тийиштүү иштер жүргүзүлдү;
- Туруктуу жашаган жери жок 1 адамга жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги тарабынан туруктуу жашаганга 1 батирлүү үй берилип, 2 адам Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасына жаткырылды;
- Каттоодо турган 97 мергенчинин уруксат кагаздары, ок атуучу куралдарды сактоочу бөлмөлөрү, сейфтери текшерилип, 16 адамга эскертүү берилди;
- Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча издөөдө жүргөн адамдардын кайда жүргөнүн аныктоо максатында жашаган жеринен маалымат алуу үчүн иш-чаралар жүргүзүлдү;
- Коомдук коопсуздукту, кылмыштуулукту жана ар кандай кырсыктарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары 7 мейманкана, 4 өзгөчө кайтаруудагы объекттер текшерүүгө алынды.