Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 26.11.2019 16:49 На русском

Сүрөт — Сузакта кан ташыган унаа кырсыкка кабылды (толукталды)

Turmush -  Сузакта районунда кан ташыган унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 25-ноябрда түнкү саат 23:00 чамасында Сузак—Благовещенка жолунда Кан кызматынын кызматтык унаасы катуу ылдамдыкта бара жатып, жол жээгиндеги күйүүчү май куйган жайдын ажатканасын сүзүп токтогон. Анын кесепетинен «Тойота Хайлюкс» үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы тарабы жабыркаган.

«Окуя болгон жерден алгач айдоочусун таппай калышты. Андан кийин кайра пайда болуп калды. Милиция кызматкерлери келип териштирип жатышты», - деп билдиришти күбөлөр.

Жалал-Абад облустук кан борборунун башкы дарыгери Урмат Боржиевдин айтымында, кан борборунун айдоочусу Б.К. жумуштан тышкары убакытта «Тойота Хайлюкс» үлгүсүндөгү кызматтык унаага отуруп, мурунку Спасовка айылына бара жатканда рулду башкара албай, күйүүчү май куюучу жайында кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен аталган унаанын алдыңкы бөлүгү талкаланган.

«Ал эми айдоочу олуттуу жаракат алган эмес. Азыркы тапта Б.К. кызматтык унааны калыбына келтирүү жоопкерчилигин алды. Кырсык учурунда кызматтык унаада кан болгон эмес», - деди ал.

Жалал-Абад ОИИБдин ЖКККБсынан маалымдашкандай, бул кырсык катталган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×