Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.11.2019 13:05

Базар-Коргондо өспүрүмдөр арасындагы кылмыштардын алдын алуу талкууланды

Turmush -  Базар-Коргон районунда окуучулар арасында ар кандай кылмыштардын алдын алуу максатында жыйын өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага милиция кызматкерлери, райондук администрациянын, прокуратуранын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, социалдык педагогдор жана ата-энелер катышты. Жыйындын жүрүшүндө окуучулар арасында кылмыштуулуктун, өз жанын кыюунун, мектеп рэкетчилигин, топтошуп мушташуунун, жалпы эле терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маектешүү, суроо-жооптор болду.

Базар-Коргон РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерди өз балдарын ар дайым көзөмөлдөөгө, алардын аткарып жаткан иштерине жана мектепке барып келүүсүнө көңүл бурууга чакырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×