Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 26.11.2019 12:48

Аяшынын үйүндө уктап жаткан келинди күйөөсү сайга алып барып, кабыргасы сынганча сабаган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон райондук сотунда Жазык кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде (Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү) айыпталган Эмирдин (аты өзгөртүлдү, С.Э.А.) кылмыш иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Эмир — Базар-Коргон районунун 1986-жылы туулган тургуну. Жогорку билимдүү, убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Эмир ушул жылдын 22-сентябрына караган түнү болжол менен саат 00:00 чамасында жубайын өзүнүн «Опель» үлгүсүндөгү унаасына салып, бир нече жолу бети-башына уруп, муунткан. Андан кийин жубайын сайга алып барып сабаган. Анын кесепетинен жубайы Сабыргүл (аты өзгөртүлдү) денесине анча оор эмес жаракат алган.

Сот отурумунда Эмир күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 21-сентябрь күнү жубайы менен досунун үйүнө конокко барышканын билдирди. Анын айтымында, жубайы ага жакпаган сөздөрдү сүйлөп, ачуусуна тийген. Эмир сыртка чыгып, унаасын айдап алып кетип калган. Жарым саат өткөндөн кийин кайра досунун үйүнө барып, ал жактан жубайынын уктап жатканын көргөндө жинденген. Анан жубайын унаасына салып, үйгө бара жатышканда урушуп, өзүн кармай албай Сабыргүлдүн бети-башына бир нече жолу уруп, муунткан. Андан соң сайга жеткенде унаасын токтотуп, ал жерден дагы урушушкан. Анан жубайын кайра унаага салып, үйгө барышкан. Эмир жубайы менен элдешип, жабырлануучу тосмо арыз жазганын, кылган ишине өкүнүп жатканын кошумчалады. Ал соттон жазык ишин өндүрүштөн кыскартып берүүнү суранган.

Жабырлануучу Сабыргүл 21-сентябрда жолдошу экөө аяшынын үйүнө конокко барышканын тастыктап, ал жакта түнкү саат он экиге чейин аяшы Гүлиза (Эмирдин досунун жубайы, аты өзгөртүлдү) менен сүйлөшүп отурганын билдирди. Анын айтымында, күйөөсү Эмир сыртка чыгып кеткен бойдон кайра үйгө кирген эмес. Сабыргүл эшикке аны издеп чыкканда, жолдошу унаасын айдап кетип калганын билген. Аяшы Гүлиза ага үйүндө эле калып калуусун сунуштаган. Сабыргүл макул болуп, уктап жатканда жолдошу барган. «Эмне үчүн бул жерде жатасың?» деп аны эшикке алып чыгып, унаасына отургузуп, сөгүп, күч колдонгон. Андан кийин сайга алып барып, унаасынан түшүрүп, зомбулук көрсөткөн. Тактап айтканда, буттарына тепкилеп, денесине бир нече жолу урган. Эртеси Сабыргүл кыйналып, ооруканага кайрылган. Ал жактан Сабыргүлдүн денеси көк ала болуп, баш мээси чайкалып, бир кабыргасы сынганы аныкталган (кабырга сөөгүнүн сынуусу «анча оор эмес дене жаракаттар» категориясына кирет). Отурумда жабырлануучу жолдошу менен элдешип, ага доосу жок экенин билдирди.

Жыйынтыгында жабырлануучу тосмо арыз жазып, эки тарап элдешип алганына байланыштуу Эмир кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, иш өндүрүштөн кыскартылды. Чечимге нааразы тарап 10 күндүн ичинде Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык тартипте даттана алат.

Соттун өкүмү 18-ноябрда чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×