Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 26.11.2019 10:10

«Келбеттүү тамада керек дегендер кечирим сурап...»: Көзү азиз ырчынын баяны

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 20 жаштагы тургуну Нуртилек Баймырзаев көзүнөн тубаса майып болгонуна карабай ырчылык өнөрдү аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2-топтогу майып. Төрт миң сомдук жөлөк пулду карап отурбастан, айылдагы тойлордо алып баруучу болуп иштейт.

«6 жашка чыкканда ата-энем Бишкектеги көзү азиздердин мектеп-интернатына алып барды. Үйдө эрке бала болгондуктан жаңы барган учурда ата-энемди, үйдү сагынып, 1 жылдай окуй алган жокмун. Бирок мени кайра алып кетишпей турганын билип, 7 жашымдан баштап билим ала баштадым. Ошентип интернатта 9-класска чейин окудум. Аны аяктагандан кийин Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайында музыка мугалими адисти боюнча билим алдым. Окуумду бүткөн соң айылга келип иштеп жатам», - дейт Нуртилек.

Ал ырчылык өнөргө болгон кызыгуу интернатта окуп жүргөндө пайда болгонун айтат.

«Тай жагымда ырга жакын адамдар арбын, ошол себептүү мага да ырчылык өнөр өтсө керек. Акыркы 3 жылдан бери тойлордо алып баруучу болуп кызмат кылам. Көп учурда телефон чалып чакырышат. Той боло турган күнү ресторанга барсам той ээлери мени көрүп, «Биз сени мындай деп ойлогон эмеспиз, бизге келбеттүү тамада керек эле» деп айткан учурлар көп эле болгон. Бирок башка тамада чакырганга убакыт жок болгондуктан, тойду баары бир мен алып барам. Той аяктагандан кийин жакшылык ээлери ыраазычылык билдирип, башында айткан сөздөрү үчүн кечирим сурашат. Мындай көрүнүштү туура эле кабыл алам.

Тойдо ушул сыяктуу көп эле кызыктуу окуялар болот. Бир жолу жарым сааттык антракт аяктагандан кийин программанын экинчи бөлүгүн баштадым. Коноктордун бири мас экен, бир учурда менин жаныма келип, сөзүмдү токтотууну жана музыка коюп берүүнү талап кылды. Мен анын сөзүнө маани бербей, өзүмдүн программам боюнча уланта бердим. Аңгыча эле ал киши мени уруп жиберди. Той ээлери менен коноктор арачалап, ал кишини алып кетишти. Мен тойду улантып кеттим. Ушул сыяктуу окуялар көп болот», - дейт ал.

Нуртилек тапкан кирешесинин бир бөлүгүн кайрымдуулук иштерге жумшайт.

«Кээ бир адамдар 12 мүчөсү соо туруп, ичкиликке берилип, иштебей жүрүшкөнүн көрөм. Мен көзүм азиздигине байланыштуу ырдагандан башка ишке жарабайм. Азыр жаштар билегинде күчү бар, ден соолугу чың болуп турганда иштөө керек деп ойлойм. Мага кудай көрүү мүмкүнчүлүгүн бербесе дагы ырчылык өнөрдү берген экен, анын арты менен иштеп жатам. Тапкан кирешемдин бир бөлүгүн кайрымдуулук иштерге жумшайм», - деди Нуртилек.

Ал үй-бүлөлүү жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×