Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.11.2019 17:44

Жалал-Абаддагы тез тамактануучу жайларда өрт коопсуздугу сакталганбы? Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 20дай тез тамактануучу жай текшерилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иш-чарасы 21-декабрга чейин уланат.

«Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча тез тамактануучу жайларга рейд жүргүзүп жатабыз. Анда ашканадагы мештин жанына газ баллондорду орнотуп алган жана өрт өчүрүүчү каражаттары жок жайларды каттоого алып, ээсине эскертүү бердик. Эки күндө 20дай ашкана текшерилип, анын ичинен 4 жайда гана өрт коопсуздугунун эрежелери сакталганы аныкталды», - деди Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башкармалыгынын өрт коопсуздугу боюнча башкы инспектору Акылбек Анарбаев.

Жалал-Абад облусунун аймагында 2018-жылы бул багытта 66 текшерүү жүргүзүлүп, жалпы 517 эреже бузуу аныкталган. 41 жаранга 329 000 сом айып салынып, ал толук өндүрүлгөн.

Буга чейин Бишкектин борборундагы тез тамактануучу жай жарылып, бир адам каза болгону маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×