Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 25.11.2019 17:18

Кочкор-Атада жаштарды биримдикке үндөгөн футбол мелдеши өттү

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Уюштуруучулардын айтымында, мелдеш жаштарды ынтымакка, биримдикке үндөө максатында уюштурулуп, ага 17 жаштан 28 жашка чейинки жаштар катышты.

«Мелдешке жалпы 150дөй оюнчу катышты. Акыркы убакта облустун аймагында жаштар арасында ар кандай пикир келишпестиктердин айынан жаңжал чыгып жатпайбы. Ошондой көрүнүштөрдөн арылуу үчүн жаштарды биримдикке чакыруу максатында уюштурдук. Соңунда жеңүүчүлөргө кубок, дипломдор тапшырылды», - деди Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча адиси Мыйзамбек Акматалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×