Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.11.2019 15:02

Жалал-Абадда «Мектеп – коопсуз жана телефонсуз аймак» рейди өттү

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын аймагында ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан 20-23-ноябрь күндөрү «Мектеп – коопсуз жана телефонсуз аймак» аттуу рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара окуучулар арасында топтошуп мушташуунун, сабак учурунда телефон колдонуунун жана коомго жат көрүнүштөрдүн алдын алуу жана мектеп рэкетчилигине каршы күрөшүү максатында өттү.

Рейд эки бөлүктөн турду. Алгач мектеп сыртында текшерүү жүргүзүлүп, андан кийин лекция өткөрүлдү. Рейд учурунда коомдук жайда тамеки чегип отурган окуучулар кармалган. Аларды текшерүүдө капчыктарынан тамекилер алынды. Ал эми соода түйүндөрүндө адашып калган эки өспүрүм ата-энесине кайтарылды.

Рейддин жыйынтыгында тамеки тарткан окуучуларга Бузуулар жөнүндө кодексинин 53-беренеси ылайык айыптар салынды. Ошондой эле буга чейин катталган майда уурулук фактысынын бети ачылды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүнө ШИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору, мугалимдер, социалдык кызматкерлер катышып, өспүрүмдөр арасында мектеп рэкетчилигин болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүрдү. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча талкуу жүрүп, окуучуларды ата-энелери өз көзөмөлүнө алып, ар дайым камкордук көрүүсү зарыл экени айтылды.

Милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө, тартипти сактоого, бири-бирин сыйлоого чакырышып, ар кандай терс көрүнүштөрдөн, бөөдө кырсыктардан алыс болууга үндөштү.

Жалал-Абад шаарында жалпысынан 40 миңден ашуун өспүрүм 20 мамлекеттик жана 7 жеке менчик мектептерде билим алышат. Бул багытта өспүрүмдөр менен ШИИБдин 7 инспектору иштеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×