Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 23.11.2019 19:00

Чаткалдыктар ашар жолу менен айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө там куруп жатышат

Turmush -  Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын тургундары кечээ, 22-ноябрда 1-топтогу майып Мирбек Наргозиевдин үй-бүлөсүнө эки бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырышты. Жашоочулар айылдагы муктаж үй-бүлөлөр үчүн дагы 2 үй куруп жатышат, деп билдирди аймактык кабарчы.

2 бөлмөлүү турак үй Мирбек Наргозиевге салтанаттуу тапшырылды. Анын алкагында марафон уюштурулуп, үй-бүлөгө 50 миң сом акча топтолгон.

«Мирбек Наргозиевге үй куруп берүү демилгесин аны менен бирге өскөн досу жана классташы Абдибаит Стамбеков көтөргөн. Айгыр-Жал айылынын башчысы Кайнарбек Рысбек уулу бул иштин аягына чыгышына жардамын берген. Ошондой эле Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттары, айрым мекеме-ишканалардын жетекчилери да четте карап турушкан жок. Курулуш иштери коомчулуктан чогулган 200 миң сомдон ашуун каражатка жүргүзүлдү. Анын 70 миң сому райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бөлүнгөн. Айрым тургундар курулуш иштерине жардамдашып, үй элдин күчү менен бүткөрүлдү», - дешти тургундар.

Айгыр-Жал айылынын эли былтыр да бир үй-бүлөгө үй куруп беришкен. Быйыл 3 үй курулуп, анын бирөө Э.Наргозиевге берилди. Учурда экинчи үйдүн курулушу да аяктап калды, он күндүн ичинде берилет. Үчүнчү үйдүн чатыры жабылды. Ал кийинки жылы бүткөрүлөт. Аны 1983-жылкы классташтар досуна куруп жатышат.

Буга чейин Айгыр-Жал айылынын тургундары ашар жолу менен жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен намазкана куруп алышкан. Кийинки жылы дагы бир муктаж үй-бүлөгө турак үй куруп берүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×