Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 22.11.2019 19:09 На русском

Сузакта 9-класстын окуучусу сабалды. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында 9-класстын эки окуучусу классташын сабаганын жергиликтүүлөр билдиришти. Мындай окуя болгонун Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 24-октябрында саат 09:20 чамасында №10 Көк-Арт орто мектебинде катталган. 9-класстын окуучулары — 2004-жылы туулган К.А. жана 2005-жылы туулган Т.А. ошол эле мектептин 9-классынын окуучусу, 2004-жылы туулган Т.М.ны уруп, денесине жараат келтиришкен.

«Аталган факт боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин (ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучунун алган жараатын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иш боюнча күбө катары 8 окуучу жана 2 мугалим суракка алынган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, М.Т. жеңил жараат алганы, ден соолугунун калыптануусуна 7 күндөн ашык, бирок 21 күндөн ашпаган мөөнөт талап кылынары, жаракаттардын пайда болуу мөөнөтү окуя болгон убакытка дал келери аныкталган. Учурда шектүүлөргө карата мыйзамдуу чара көрүү үчүн иш сотко жөнөтүлүү алдында турат», - деп билдиришти милициядан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×