Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 23.11.2019 09:00

Чаткалда муктаж үй-бүлөгө үй куруп беришти. Сүрөт

Turmush -  Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургуну, 1-топтогу майып Мирбек Наргозиевге ашар жолу менен курулган үйдүн ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тапшыруу аземинде марафон өткөрүлүп, анда аким Канжарбек Эшалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары акчалай салымдарын кошушту. Андан 50 миң сомдой каражат топтолгон.

Мирбек Наргозиевге үй куруп берүүнү досу демилгелеп, айыл эли жардам көрсөтүштү. Аларга Айгыр-Жал айылынын башчысы да көмөк көрсөткөн. Курулушка 200 миң сомдон ашуун каражат жумшалганын райондук администрациядан билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×