Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 22.11.2019 14:20

Окуучу катуу сабалып, ооруканага түштү: Милиция, мектеп директору эмне дейт?

Turmush -  Токтогул районунда 1-класстын окуучусу мектепте сабалган эмес. Мындай пикирди жабыркаган бала окуган Т.Ашыралиев атындагы мектептин директору Элнура Мусабаева билдирди.

Анын айтымында, баланын атасы ага жекшемби күнү кабар берген. Бул окуяны териштирүүгө билим берүүчү мекеменин жетекчилиги да кызыкдар.

«Дем алыш күнү баланын атасы байланышып, уулу сабалганын айтты. Биринчи күнү социалдык педагог менен класс жетекчисин баланын үйүнө жөнөтүп жатканда Коммунистбек уулун ээрчитип келип калды. Чынында баланын денесиндеги көк ала тактарды көрдүм. Дароо эле ооруканага жаткырышы керектигин айттым. Баланын абалын көрүп «муну окуучу бала жасашы мүмкүн эмес, чоң адам урган го» деген пикиримди айткам. Бала жоош, ата-энеси ажырашып кеткендиктен атасынын бир тууган агасынын колунда турат.

Класс жетекчиси ошол күнү балдар менен кошо эле мектептен кетирген экен. Окуя боюнча баланын классташтарынан сурадык. Сабады деген 8-класстагы баланы да тактадык. Ал баланын мектептен чыгып, саат 13:30да үйүнө барып калганын классташтары тастыктап жатышат. 8-класстагы баланын ата-энеси «инилерине кол көтөрчү эмес» деп айтышууда. Таяк менен ура тургандай мектептин айланасында таяк деле жок. Кокус залда кимдир бирөө баланы уруп жаткан болсо окуучулар деле чуркап келип, мугалимдерге айтышмак. Ошол күнү мен дагы саат 18:00гө чейин жумушта болгом. Биздин райондо экспертиза жок болгондуктан, борборго баруусун биз да туура көргөнбүз. Окуянын акыйкат иликтенүүсүнө мектептин жетекчилиги да кызыкдар», - деди ал.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, бул факт боюнча Жоруктар кодексинин уруп-сабоо беренеси менен кылмыш иш козголду.

«Баланы Бишкек шаарына алып барып көрсөтүшкөндүктөн, ооруканадагылар милицияга кабар беришкен. Материал Токтогул РИИБге келип түштү. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, эми анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат. Окуучуну сабады деген баланын да өздүгү аныкталды. Териштирүү иши жүрүп жатат», - деп билдиришти милициядан.

Т.Ашыралиев атындагы мектепте 400дөн ашуун окуучу билим алат.

Буга чейин жабыркаган баланын атасы Коммунистбек Абажанов Turmush басылмасына окуянын чоо-жайын айтып берген болчу (толугу менен бул шилтемеде).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×