Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 21.11.2019 15:11

Сузакта 500дөй адамга Бузуулар кодексинин иштөө тартиби түшүндүрүлдү

Turmush -  Сузак районунда Бузуулар кодексинин иштөө тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын башынан тарта жаңы мыйзамдар иштей баштагандыгына байланыштуу милиция тарабынан калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Жаңы кодекстердин алкагында Бузуулар боюнча протоколдорду туура толтуруу, иш кагаздарын жүргүзүүдөгү маалыматтар камтылган жыйындар облустун аймагындагы өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда.

«Сузак РИИБ тарабынан 20-ноябрь күнү атайын жыйын өткөрүлүп, жаңы кодекстер боюнча кеңири маалыматтар берилип, кызуу талкууга алынды. Иш-чарага райондогу ар бир айыл өкмөттө түзүлгөн комиссиялардын мүчөлөрү, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттар болуп, жалпы 500гө жакын адам катышты. Аларга Бузуулар кодексиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү беренелер окутулуп, күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонуу керектиги белгиленди», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×