Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 21.11.2019 14:09

Таш-Көмүрдө жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы өттү

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү - 2020» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынак Таш-Көмүр шаардык ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, ага 12 мектептин командалары катышты. Алар «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» сынагынын жобосу аркылуу жарышты.

Жыйынтыгында эң көп упай топтогон Таш-Көмүр шаардык А.С.Пушкин атындагы №12 орто мектебинин «Жол күзөт» командасы 1-орунду багындырып, 2020-жылдын май айында өтүүчү облустук турга жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×