Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 21.11.2019 12:37 На русском

Шырмалды Ала-Буканын бренди кылгыбыз келет, - кол өнөрчүлөр. Видео

Turmush -  Ала-Бука районунда шырдактын бир түрү болгон шырмал көп жасалгандыктан аны райондун бренди катары көтөрүү максатында шырмал фестивалы уюштурулду. Бул тууралуу Ала-Бука райондук кол өнөрчүлөр кеңешинин төрайымы Фарида Томуева билдирди.

Анын айтымында, улуттук буюмдарды даңазалаган саамалыкка өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, район акими Эмил Абдыкадыров баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Фестивалда 25 чакты уз-чебер өздөрүнүн кол эмгектерин көргөзмөгө коюшту.

Фарида Томуева элет айымдары колго алган шырмалдын өзгөчөлүгүнө токтолду.

«Шырмалдын үстүндөгү оймолор оюлбайт. Аны жасоо өтө көп мээнетти талап кылат жана майда иш. Колго тигип чыгууга туура келет. Сапаттуу шырмалды 100 жылга, тактап айтканда бир кылымга чейин колдонсо болот. Нарындык уз-чеберлер шырдакты даңазалап жүрүшөт. Биз илгертеден бери чебер энелерибизден калган шырмалды райондун бренди катары көтөргүбүз келет. Анткени бул буюм көбүнесе биздин аймакта жасалат экен. Шырмалдын баалуулугун көтөрүү үчүн акимге кайрылып түшүндүргөнүбүздө биздин демилгени колдоп берди. Бул үчүн жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Фестивалга 8 айыл аймактын чеберлери катышты. Жыйынтыгында Көк-Серек айыл аймагынан келген чебер Санталат Курманкулова «Эң мыкты шырмал шыруу» номинациясына ээ болду. 20 жылдан бери шырдак, шырмал тигүү менен алектенген айым сынакка 8 шырмалын алып келген. Чебер көздүн нуру, колдун күчү көп колдонулганын жана шырмал шыруу оңой эмес экенин айтты.

Анын пикиринде, бир шырмалды тигүү үчүн бир ай убакыт жумшалат. Майда иш болгондуктан дароо бүткөрүүгө болбойт. Шашпай, көңүл коюп жасалса гана кооз чыгат. Шырмалдын алдын 20 миң сомдон жогору баалайт. Көбүнчө 15 миң сомдун тегерегинде буйрутма бергендер көп. Анын эмгектери көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Фестивалдын алкагында өткөн «Жип ийрүү» сынагында 1-орунду Ала-Бука айыл аймагынын чеберлери алышса, «Жүн сабоо» сынагында Ак-Там айыл аймагынын катышуучулары баш байгеге ээ болушту. Мындан тышкары, териден буюм жасаган мыкты чебер деп Өрүктү айыл аймагынын тургуну Г.Кочкорбаева табылды. Соңунда көрүүчүлөргө тери иштетүү жана ийлөө боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Байгелүү орундарга жеткендерге жергиликтүү бийлик тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×