Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 21.11.2019 09:59

Сүрөт — Ала-Букада шырдак фестивалы өттү

Turmush -  Ала-Бука районунда шырдак фестивалы өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Фестивалга райондун 8 айылынан келген кол өнөрчүлөр катышып, өздөрү жасаган эмгектерин көргөзмөгө коюшту. Фестивалдын алкагында чеберлер арасында сынак да уюштурулду.

«Эң мыкты шырдак» сынагында Көк-Таш айыл аймагынан келген чеберлер 1-орунду ээлешсе, «Эң мыкты шырмал шыруу» сынагында Көк-Серек айыл аймагынын уздары биринчиликти багындырышты.

Ошондой эле «Жип ийрүү» сынагында 1-орунду Ала-Бука айыл аймагынын чеберлери алышса, «Жүн сабоо» сынагында Ак-Там айыл аймагынын катышуучулары баш байгеге ээ болушту.

Мындан тышкары териден буюм жасаган мыкты чебер деп Өрүктү айыл аймагынын тургуну Г.Кочкорбаева табылды. Соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×