Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.11.2019 15:36

Базар-Коргондогу массалык уулануу: 11 жаштагы кыз каза болду

Turmush -  Базар-Коргон районунда кышкы салатка ууланып, оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан 11 жаштагы кыз каза болду. Бул маалыматты райондук аймактык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Данакан Артыкбаева билдирди

Анын айтымында, 10 адам кышкы салатка ууланып, 20-октябрда ооруканага түшкөн. Келгенде эле 45 жаштагы эне менен 11 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«Апасы 3 күндөн кийин өзүн жакшы сезип, жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Ал эми кыз жандандыруу бөлүмүндө, аппараттын жардамы менен дем алып жаткан. Эсине келбеген бойдон 31-октябрь күнү каза болуп калды. Биз колубуздан келген аракеттерди кылдык», - деди Д.Артыкбаева.

Буга чейин Базар-Коргондо 10 адам кышкы салатка ууланып, ооруканага түшкөнү маалымдалган. Ууланган 8 адам райондук ооруканага, ал эми 2 адам Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлер 11 жаштагы кыздын абалы оор экендигин билдиришкен болчу.

Маалым болгондой, тургундар эки күн айылдашынын пахтасын терүүгө чыгышкан. 18-октябрда талаадан тамактанып, кышкы салат жешкен. Алар 20-октябрдан тарта ооруканага кайрыла баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×