Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 20.11.2019 13:20

Эгиздер: Токтогулдук Сезим менен Мезгилдин кызыктуу окуялары

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Токтогул районунун Кара-Жыгач айылынын 18 жаштагы тургундары Мезгил жана Сезим. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Учурда алар Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 1-курста окушат. Сезим химия факультетинде, Мезгил физика жана электроника факультетинде билим алууда.

«Апам кош бойлуу кезинде алгач эгиз экенин билгенде кубанганынан ыйлап жибергенин айтып калат. Мен биринчи төрөлүп, андан кийин Сезим төрөлгөн. Байкем биз төрөлгөнгө чейин эле эгиз кыздардын атын Гүлиза жана Гүлзина коёбуз деп айта берчү экен. Ошол убакта таежем дагы кош бойлуу болуп, жездем «мен кыздуу болсом атын Мезгил коём» деп жүргөн экен. Ал ысым атамдарга жагып калып, мени Мезгил, эгизимди Сезим деп аташыптыр. Кийин таежем кыз төрөгөндө атын Гүлзина коюшкан», - дейт Мезгил.

Анын айтымында, көп адамдар аларды айырмалай алышпайт.

«Мен токтоомун, Сезим эр жүрөк, тың кыз. Ата-энебиз кичинебизде кийимдерибизге белги коюп коюшчу экен. Ал эми башкалар айырмалай албай калышчу. Мектепте 10-класста окуп жүргөндө предметтик олимпиада болуп, мен физика, Сезим химия сабагынан катышты. Бир кезде Сезимдин аты аталып, анын кийинки турга өткөнүн жарыялашты. Жанымдагылар мени куттуктап баштаганда, мен Мезгил экенимди айтканым эсимде. Сезим окуудан ката кетирсе, мугалимдер мага келип айтышчу.

Мен китеп окуганды жана сүрөт тартканды жакшы көрөм. Сезим ырдаганды жактырат. Келечекте өз кесиптерибиздин мыкты адистери болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошсок дейбиз», - дейт Мезгил.

Эгиздердин атасы Назарбек Өмүрбеков 1972-жылы, апасы Гүлсада Чойбекова 1978-жылы төрөлгөн. Эгиздердин агасы, иниси жана бир сиңдиси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×