Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.11.2019 16:42

Жаш боксчу Нурадин Рустамбек уулу Азия чемпиону аталды. Сүрөт

Turmush -  Кыргызстандык боксчу Нурадин Рустамбек уулу жаштар арасында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга спортчунун атасы Рустамбек Абдыкулов билдирди.

Чемпионат 10-17-ноябрь күндөрү Моңголиянын Улан-Батор шаарында өткөн.

«Нурадин 69 килограмм салмактагы боксчулар менен күч сынашты. Биз аны коштоп бара албасак дагы беттештерди түз эфирден көрүп отурдук. Алгач кореялык, андан кийин индиялык жана ирактык мушкерлер менен беттешти. Финалда өзбекстандык Нурислом Исмоиловду 3:2 эсебинде жеңип, Азиянын чемпиону аталды. Моңголияда Кыргызстандын гимни жаңырып, желегибиз көтөрүлгөндө абдан кубандык», - дейт ал.

Анын айтымында, Нурадин 8 жашынан бери машыгат.

«Уулум Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө кичинекей кезинен бери машыгып келет. Эми эл аралык мелдештерге катышуусун улантат. Анын бокс менен машыгып калуусуна эки агасы себепкер болгон. Алар дагы эл аралык турнирлерге бокс боюнча катышып жүрүшкөн», - деди чемпиондун атасы Р.Абдыкулов.

18 жаштагы Нурадин 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×