Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.11.2019 14:27

Сүрөт — Базар-Коргондо 37 млн сомго курулган жаңы мектеп ачылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айыл аймагында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алтын-Кыя атындагы мектептин ачылышына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.

Мектеп 225 балага ылайыкташкан. Курулушу 2015-жылы башталып, ага республикалык бюджеттен 37 млн сом жумшалган. Учурда анда 340 окуучу билим алууда.

Ачылышта А.Өмүрбекова кийинки жылдын 1-сентябрына чейин авариялык абалдагы 19 мектептин жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилери пландалып жатканын билдирди.

Райондо 65 мектеп бар, алардын ичинен 7 мектептин имаратын ӨКМ авариялык абалда деп тапкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×