Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 19.11.2019 13:59

Базар-Коргондун жаштары имамга унаа белек кылышты. Сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Сейдугум айыл аймагынын имамына айылдын жаштары унаа белек кылышты. Бул тууралуу Базар-Коргон районунун имамы Тынчтыкбек Шаиков билдирди.

Анын айтымында, жаштар көп жылдан бери кызмат кылып келе жаткан имам Кайымбек Жээнбаевге сыйлык тапшырууну демилгелеп, ага 18-ноябрда «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны тапшырышты.

Иш-чарага Жалал-Абад облустук казыятынын башчысы Абдулазиз Закиров, Базар-Коргон районунун имамы Тынчтыкбек Шаиков жана айыл аймактын имамдары, айыл тургундары катышты.

«Базар-Коргон районунда 9 айыл өкмөт болсо, Сейдикум айыл аймагы бир нече жылдан бери 1-орунду ээлеп келет. Жумушту так аткарганы үчүн Кайымбек Жээнбаев мындай сыйлыкка татыктуу болду. Демилге көтөрүп, белек тапшырган жаштарга ыраазычылык билдирем», - деди А.Закиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×