Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 19.11.2019 12:21

Сузактык Ынтымак күндүн нуру менен ысый турган жуунуучу жай курду. Сүрөт

Turmush -  Сузак районунун Ак-Тоок айылында туулган Ынтымак Маматкулов мончонун ордуна күндүн нуру менен ысый турган жуунуучу жай курду. Turmush басылмасынын кабарчысы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 15 жылдан бери Орусияда курулуш тармагында эмгектенип келет.

«2003-жылы мектепти аяктап, эки жылдан кийин Орусияга эмгектенгени кеткем. Курулуш тармагында иштеп жүрүп, көп нерсени өздөштүрдүм. Кыргызстанга 3-4 жылда бир жолу келип турам. Бул жолу келгенимде мончонун ордуна күндүн нуру менен ысый турган жуунуучу жай курдум. Аны туугандар, кошуналар көрүп, бизге да куруп бер деп жатышат», - дейт 33 жаштагы Ынтымак.

Анын айтымында, курулушка 15 күндөй убакыт жана 60 миң сом каражат кеткен.

«Быйыл айылга келгенимде мончо көйгөйү бар экенин көрүп, базардан керектүү материалдарды сатып алып, курулушту баштадым. Жуунуучу жайдын сыртын кадимки эле жыгачтан жасап, ортосун жылууладым. Ага кышында от жакпастан эле жуунса болот. Анткени үстү кадимки айнек менен тосулган, күндүн табы менен ичи жылуу болуп турат. Ичи санитардык түйүндөр менен жабдылды, ванна жана ысык суу үчүн аристон орнотулду. Ага жалпы 60 миң сом жумшалып, 15 күндө куруп бүттүм. Ал эми муздак суу үчүн үстүнө челек коюлду. Айылда суу көйгөйү бар, ошондуктан сууну челекке ташып келүүгө туура келет. Кийин суу чыкканда кадимки түтүктүн жардамы менен алып кирсе болот. Азыр кошуналар, туугандар кызыгып жатышат», - дейт ал.

Ынтымак Маматкулов учурда үй-бүлөсү менен Орусияда жашайт. Бир уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×