Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 18.11.2019 16:49

Майлуу-Суудагы жаштар борбордук көчөнү жарыктандырышты

Turmush -  Майлуу-Суу шаарынын борбордук көчөлөрүнө түнкүсүн жарык берүүчү жабдыктар чет өлкөлөрдө иштеген жергиликтүү жаштардын демилгеси менен орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Борбордук көчөгө жалпы 65 прожектор орнотулган.

«Бир жыл мурун чет жерде иштеген Майлуу-Суунун жаштары шаардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү максатында «Майлуу-Суу өнүктүрүү» фондун түзгөнбүз. Ал фондго акча топтоп, аны көпүрө курууга, түнкү чырактарды орнотууга жана колунда жок үй-бүлөлөргө турак үй курууга жумшаганбыз.

Буга чейин борбордук Ленин көчөсүндө түнкү жарыктар жок болгондуктан 30 даана прожектор орнотконбуз. Эми ошол эле көчөнүн калган бөлүгүнө 35 прожектор орноттук, ага 52 миң 650 сом сарпталды», - деди фонддун төрагасы Акылбек Байтаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×