Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.11.2019 15:31

Мал-жандык катышкан кырсыктар көп катталган аймак аталды

Turmush -  Ош—Бишкек жолунун Токтогул районундагы тилкесинде мал-жандыктар катышкан жол кырсыктар көп катталууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Мындан улам жол көзөмөлдөөчүлөр түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

«Жолдо мал-жандыктарды унаа сүзүп кеткен фактылар Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында басымдуу болууда. Мындай жагдайлардын алдын алуу үчүн Токтогул РИИБдин ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү айыл тургундары менен жолугушуу уюштурушту. Анда жол көзөмөлдөөчүлөр тургундарга түнкүсүн дагы мал-жандыктарды көзөмөлдөө керектигин эскертишип, мындай жол кырсыктардан улам адамдардын өмүрү кыйылып жаткандыгын айтышты.

Жыл башынан бери Токтогул районунун аймагында (көбүнчө Ош—Бишкек жолунда) мал-жандыктар катышкан 15тен ашуун жол кырсык катталган. Анын кесепетинен 2 жаран каза болуп, 10дон ашуун айдоочу жана жүргүнчү жаракат алган», - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×