Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 18.11.2019 12:09

Жердештеринин мал-жандыгын уурдап, сатып жиберген жигиттер кармалды. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мал уурулук менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында Ноокен РИИБге райондун 4 жашоочусу мал-жандыгы жоголгонун айтып арызданышкан. О.Ж. аттуу жергиликтүү тургун 11-июлга караган түнү 12000 сомдук бир торпогун, А.Н. аттуу жаран 19-июлда 15000 сомдук бир баш торпогун, М.Х. аттуу тургун 20-июль күнү 16000 сомдук бир баш торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Бул арыздардын бардыгы РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси («Уурдоо») менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ноокен районунун дагы бир тургуну А.А. милицияга кайрылып, 19-июль күнү саат 10:00 чамасында аркандап койгон 8000 сомдук торпогун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси («Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо») менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, тергөө амалдарынын натыйжасында аталган кылмыштарга шектүү делип Ноокен районунун 4 тургуну кармалды. Изин жашырып жүргөн жеринен 1992-жылы туулган П.Ш., 1995-жылы туулган Т.И., 1998-жылы туулган А.С. жана Базар-Коргон районунун 2001-жылы туулган тургуну С.С. ноябрь айынын башында кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Тергөөдө шектүүлөр уурдалган мал-жандыктарды жакынкы райондордогу мал базарларга алып барып сатып жиберишкени белгилүү болгон.

Учурда соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×