Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 18.11.2019 11:00

Базар-Коргондун Комсомол айылында сарай өрттөндү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Базар-Коргон районунун Комсомол айылында сарай өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Абдрахманов көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 80 чарчы метр сарайдын чатыры, 200 түк чөп жана 300 боо пахта бакалы күйүп кетти.

Токтогул районунун Кызыл-Туу айылындагы короодо 15 чарчы метр сарай жана 400 түк чөп өрттөндү. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×