Издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Turmush - Ноокен районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, анын иши соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 24-февраль күнү саат 17:30 чамасында Кочкор-Ата шаарынын 1979-жылы туулган А.Я. аттуу тургунун үйүнөн 3 бейтааныш адам чакырып чыгышып, себепсиз уруп, тепкилешип денесине жараат келтиришкен.
Аталган факт Ноокен РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине каттоого алынып, КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында бул кылмышка шектүү делип Ноокен районунун тургундары — 1988-жылы туулган С.А., 1995-жылы туулган К.Э. жана 1997-жылы туулган О.Ж. экендиги аныкталган.
«Ушул жылдын 5-мартында шектүү С.А. жана О.Ж. кармалышып, ошол эле айда иш соттун кароосуна жиберилген. Ал эми К.Э. жүргөн жерин жашырып, тергөөгө камсыз болбогондугуна байланыштуу ага карата издөө жарыяланган. Ноокен РИИБдин криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында 2017-жылдан бери ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган К.Э. жашынып жүргөн жеринен кармалган.
Ал РИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, иш соттун кароосуна жиберилген», - деп айтылат маалыматта.