Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.11.2019 16:29

Жалал-Абадда 8-класстын окуучусу Абдуло Шамсидинов изделүүдө

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 8-класстын окуучусу Шамсидинов Абдуло Давлатбековичти ата-энеси издеп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Абдуло 2005-жылдын 18-декабрында туулган. Ал ушул жылдын 30-октябрында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Кийип жүргөн кийимдери: Кара куртка, кара кепка, бутунда кара өтүк.

Жоголгон баланын ата-энеси Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Милиция Абдулону көргөндөр болсо 0555 102 853, 0222 535 717, 0772 877 769 номурлары аркылуу кабарлап коюну өтүнөт.

WhatsApp Image 2019-11-13 at 15.54.50

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×