Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 13.11.2019 12:23

Сүрөт — Ноокендин Шайдан айыл аймагында эки спорт зал ачылды

Turmush -  Ноокен районунун Шайдан айыл аймагында эки спорт зал ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, №35 Ш.Суеркулов атындагы орто мектебинде курулган спорт залдын жалпы сметалык баасы 7 млн 929 миң сомду түздү. Ага райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 7 млн 396 миң сом бөлүнсө, элдик салым 433 миң 300 сомду түзгөн. Экинчи спорт зал №30 Дамашев атындагы орто мектебинде ачылды. Анын курулушу 2018-жылы башталган, сметалык баасы 8 млн 800 миң сомду түзгөн. Ага райондук өнүктүрүү фондунан 7 млн 221 миң сом бөлүнсө, элдик салым 493 миң сомду түзгөн.

Ачылыш аземге өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү К.Сатыбалдиев, Ноокен районунун акими Э.Маматаев, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×