Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 12.11.2019 17:30

Кочкор-Атада Н.Исановдун элесине арналган бокс боюнча турнир өттү

Turmush -  Кочкор-Ата шаарында Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун жаркын элесине арналган спорттун бокс түрү боюнча турнир болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, мелдеш өспүрүмдөр арасында өтүп, ага коңшу Өзбекстандан дагы жаш мушкерлер келишти.

«Турнирге Бишкек, Ош шаарларынан жана коңшу Өзбекстандан келген 200гө жакын мушкер катышты. Төрт күндүк мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар, диплом, грамоталар тапшырылды», - деди Кочкор-Ата балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Алишер Усманов.

Кочкор-Атада Н.Исановдун элесине арналган иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×