Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуСузак району 12.11.2019 18:15

50 миң сом жана алтын саат: 15 жаштагы окуучу ууруга кирген үйгө кийимдерин калтырып, кымбат дарыны ичип алган

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту 2004-жылы туулган Жумаштын (аты өзгөртүлдү, Б.Ж.Ж.) кылмыш ишин карады. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Жумаш Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде 9-класста окуйт. Жазык кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3-пунктарынын негизинде (Уурдоо) айыпталган.

Жумаш ушул жылдын 5-июлуна караган түнү саат 3:00 чамасында Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну З.Т.нын үйүнө терезеси аркылуу кирип, 50 миң сом накталай акчасын, орточо баасы 7 миң сомго бааланган алтын шакегин, 20 миң сомдук алтын буюмун, 2 миң сомдук күмүш шакегин, айымдардын 30 миң сомдук алтын саатын, 1 миң сомдук бут кийимин, жинсы шымын, футболкасын, мырзалардын үстүңкү кийимин уурдап кеткен. Ошондой эле үйгө өзү кийип жүргөн чолок шымын, футболкасын, бут кийимин калтырып кеткен. Жумаш үйдөн 1 миң сомдук дары-бальзамды дагы ичип кеткени белгилүү болду. Анын кесепетинен жабырлануучу З.Т. 112 миң 600 сом материалдык зыян тарткан жана ал кайра толугу менен кайтарылып берилген.

Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, Жалгыз-Жаңгак айылындагы үйгө терезеси аркылуу киргенин мойнуна алды. Бирок ал 50 миң сом накталай акчаны албаганын билдирди. Ал эми алтын зер буюмдарды сатып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын кошумчалады. Ал жабырлануучудан кечирим сурап, соттон кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартууну суранды.

Сот отурумунда айыпталуучунун атасы М.Ж. уулунун кылмыш кылганын кийинчерээк гана билгенин, жабырлануучуга келтирилген зыянды төлөп, аны менен элдешкенин айтты.

Жабырлануучу Т.З. дагы Жумаштын атасынын сөзүн тастыктап, айыпталуучуга доосу жок экенин билдирди.

Жыйынтыгында сот Жумашты күнөөлүү деп таап, эсептик көрсөткүчтөгү 200 (20 миң сом) өлчөмүндө айып пул салуу менен 2 жылга эркинен ажыратты. Бирок Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде 1 жылга пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотту.

Өкүмгө нааразы болгон тарап 30 күндүн ичинде аппеляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна даттанууга укуктуу. Соттун өкүмү 30-октябрда чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×