Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 12.11.2019 11:33

Курманбек Бакиевдин атын көчөгө койгон токтом жокко чыгарылды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине мурунку президент Курманбек Бакиевдин ысымын койгон токтом жокко чыгарылды. Мындай чечим 11-ноябрда Ноокен айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында кабыл алынганын райондук администрациядан маалымдашты.

Маалыматка караганда, К.Бакиевдин ысымы негизсиз ыйгарылгандыгына байланыштуу аксакалдардын, айыл аймактын тургундарынын жана демилгелүү жаштардын пикирин эске алуу менен Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан каршылык билдирүү келтирилип, анын негизинде Ноокен айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү.

«Кезексиз сессияга 21 депутаттын ичинен 17 депутат катышып, айылдык кеңештин XXVII чакырылышынын 2019-жылдын 8-августундагы XV сессиясынын Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылындагы Курулуш 3 участкасына Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү №4 токтому Ноокен айылдык кеңештин №1 токтому менен жокко чыгарылды», - деп айтылат маалыматта.

Turmush басылмасына маалым болгондой, Курулуш айылындагы Курулуш 3 көчөсү тууралуу сөз болуп жатат. Көчөнүн толук аты «Бакиев Курманбек Салиевичтин 70 жылдыгы» деп аталат.

Буга чейин өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев токтом мыйзамсыз кабыл алынганына байланыштуу артка кайтарыларын билдирген.

«Курманбек Бакиевдин ысымын коюу чечиминин кабыл алынышы боюнча райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мындай мыйзамсыз чечим кабыл алууга жол берген жетекчилерге чара көрүү маселеси каралууда. Ал эми көчөнүн башына орнотулган тактайча алынат», - деген облус башчысы.

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×