Бөлүмдөр
Жекшемби, 15-декабрь
Нарын облусуКочкор району 11.11.2019 12:45 На русском

«Ыр-күлкүдөн» кийин 4 адамдын жанын алган жол кырсык. Сүрөт

Turmush -  Маркум төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу жол кырсыктын кесепетинен каза болду. Ал 26 жашта болчу. Акын Бердибек Жамгырчиев «Баракелде» басылмасынын кабарчысына берген комментарийинде билдиргендей, Акжолтой жакында эле үйлөнгөн.

Turmush басылмасынын маалыматы боюнча, кечээ, 10-ноябрда Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагына караштуу Ак-Сай айылында түшүм майрамы менен биргеликте «Айылды өнүктүрүү» аталышындагы марафон өттү. Иш-чарага Ак-Сай айылынан чыккан белгилүү инсандар, ырчылар, актёрлор, жеке ишкерлер жана айыл тургундары катышкан. Алардын арасында Акжолтой Канат уулу да бар болчу.

Концерттик программа саат 19:00дө башталып, саат 22:00гө чейин уланган. Келген коноктор Ак-Сай айылында конок болуп, түндө Бишкек шаарына чыгып кетишкен.

Болжолдуу маалымат боюнча, жол кырсык бүгүн, 11-ноябрда таңга маал Балыкчы—Кочкор унаа жолунун 220-чакырымында болгон. Анда «Субару Импреза» менен «КамАЗ» кагышып, анын кесепетинен 4 адам каза болуп, 1 адам ооруканага түштү.

Ал эми Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн башчысы Ильич Көкөровдун айтымында, марафонго келген Акжолтой Канат уулу концертти ачкандан кийин эле кеткен.

«Акжолтой Канат уулу менен өзүм коштошуп, саат 19:30 чамасында узатып жибергенбиз. Ал Кочкорго тойго барарын айткан», - деди ал.

Кийинчерээк Кочкор РИИБ бул окуяны тастыктап: «10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:45 чамасында Кочкор РИИБдин ЖКККБнын кызматкери нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу "Кочкор—Балыкчы автожолунда эки автоунаа сүзүшүп, жол кырсыгына учураптыр" деп билдирген. Окуя болгон жерге бөлүмдүн ыкчам тергөө тобу чыгып, буларды аныкташкан: 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында 1976-жылы туулган И.М. «Норд Бенц» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Балыкчы шаарына бара жаткан. Ал Бишкек—Торугарт унаа жолунун 218-чакырымына келгенде карама-каршы келе жаткан «Субару Импреза» үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен «Субару Импреза» унаасынын айдоочусу А.у.Ж., жүргүнчүлөр — Кочкор районунун Ормон-Хан айылынын 2000-жылы туулган тургуну Ж.у.К., 1993-жылы туулган К.А. жана 25-30 чамасындагы аял киши (өздүгү тактала элек) окуя болгон жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү — Ош облусунун Кара-Суу районунун 1999-жылы туулган тургуну А.Ы. денесинен оор жаракат алып, Кочкор райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган», - деп билдирди.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×