Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 9-декабрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 10.11.2019 14:30

Майлуу-Сууда ата-бабалардын эрдиктери даңазаланды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын кичи залында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата жыйын болуп өттү. Иш-чарага мэр Н.Маматов, шаардын имамы Абсатар ажы Эркинбеков, дин кызматкерлери жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

Жыйындын алкагында 1916-жылкы Үркүн тууралуу кеңири маалымат берилип, ата-бабалардын эрдиктери даңазаланды. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурлар айтылды. Катышуучулар жарандарды эгемендүүлүктүн кадырын билүүгө жана өз мекенин сүйүүгө чакырышты.

20191106_102243-1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×