Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 09.11.2019 22:18 На русском

Жалал-Абадда Курманбек Бакиевдин аты көчөгө коюлду. Облус башчы эмне дейт?

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине мурунку президент Курманбек Бакиевдин аты коюлган. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, көчөгө К.Бакиевдин ысымын ыйгаруу чечими жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынган.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин айтымында, токтом мыйзамсыз кабыл алынганына байланыштуу артка кайтарылат.

«Курманбек Бакиевдин ысымын коюу чечиминин кабыл алынышы боюнча райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мындай мыйзамсыз чечим кабыл алууга жол берген жетекчилерге чара көрүү маселеси каралууда. Ал эми көчөнүн башына орнотулган тактайча алынат», - деди облус башчысы.

К.Бакиевдин ысымы берилген көчө Рахманжан айылындагы жаңы конушта жайгашкан. Анда 18 кожолук жашайт. Жергиликтүү тургундар ысым ыйгаруу боюнча айылдык кеңештин депутаттарына кайрылышып, ал август айында колдоо тапкан.

Аким Эркин Маматаев бул маселе боюнча өз пикирин билдирип жатып: «Мурунку президенттин атын коюу боюнча жергиликтүү кеңеш чечим кабыл алган. Айыл өкмөт башчы дагы бул маселеге көңүл бөлгөн эмес», - деди.

435773aaabc46fbff4358114c5a252e1_0_500_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×