Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.11.2019 10:19

Кара-Көлдүн тургуну той өткөрүп, ат оюндарынын байгесине 2 унаа койду

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну 7-ноябрда элден бата алуу максатында той өткөрүп, анын алкагында ат оюндары боюнча мелдеш уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ал баш байгеге 2 жеңил унаа койгон. Анда эр эңиш, күрөш, кунан чабыш, аламан байге, кол күрөш жана улак тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Ага Кетмен-Төбө өрөөнүнөн, Токтогул, Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынан, Аксы районунан жана Чүй облусунан келген командалар катышты.

Аламан байге 15 чакырымга чабылып, күлүктөрдүн арасынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну Болотбек Абдыкалиевдин Карлыгач аттуу күлүгү 1-орунду алды. Жеңүүчү «Жигули» унаасынын ээси болду. Ал эми кунан чабышка 10 чабандес катышты. Жыйынтыгында Токтогул районунун Жетиген айылынын тургуну Жумалиев Касымдын Куурчак аттуу күлүгү 1-орунду багындырып, чабандес 15000 сом менен сыйланды.

Күрөш боюнча мелдештин баш байгесине 70 миң сом коюлган. Ошондой эле балбан кыздар дагы күч сынашты.

Мындан тышкары улак тартыш боюнча мелдешке 9 команда катышты. Токтогулдан «Комсомол», «Токтогул», Өзгөрүш айылынан «Камыш башы», «Чоңко», «Көк таш», Терек-Суу айылынан «Терек-Суу», Торкен айылынан «Ынтымак», Кочкор-Ата жана Кара-Көл шаарларынын командалары катышты. Алардын ичинен 1-орунду багындырган «Терек-Суу» командасы «Жигули» унаасын алышты. 2-орунду алган Кара-Көл шаарынын улакчылары 30 миң сом, 3-орунду ээлеген команда 20 миң сом, 4-орунду алган команда 10 миң сом менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×