Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 05.11.2019 16:56

Чаткалда 19 млн сомго мектептин жаңы имараты курулду. Сүрөт

Turmush -  Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Коргон-Сай айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-ноябрда өткөн ачылыш аземге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мектептин жамааты жана айыл тургундары катышты. Салтанат учурунда мектепке колдоо көрсөтүү максатында марафон уюштурулуп, мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарынан жана жергиликтүү калктан 150 миң сом, 6 баш майда мал-жандык чогулду. Марафондон түшкөн каражаттар мектептин муктаждыктарына жумшалат.

Мектептин имараты 100 окуучуга ылайыкталып, республикалык бюджеттин эсебинен 19 млн сомго курулган. Анда 140 окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×