Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.11.2019 17:56

Кара-Көлдө «Бирдиктүү терезе» ачылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 4-ноябрда Кара-Көл шаарынын мэриясында «Бирдиктүү терезе» ачылды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, ачылыш аземге шаар мэри Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. «Бирдиктүү терезе» шаар тургундарын өз учурунда тез жана сапаттуу тейлөө максатында Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ачылган.

Шаардагы мекемелерге видеокамералар орнотулуп, аларды бир электрондук системага улоо иштери соңуна чыкты. Мындан ары арыз менен кайрылган жаран 14 күндө эмес, бир жуманын ичинде жооп алат.

Мэр И.Еркеев: «Мисалы, мүлкү камакта турган жаран «Бирдиктүү терезеге» арыз менен кайрылса, адистер Мамлекеттик каттоо кызматы менен байланышып, 15 мүнөттө жооп бере алышат. Мурун тургундар тиешелүү документтерди топтоо үчүн ар кайсы мекемеге чуркап, убара болушчу. Азыр бул көйгөй чечилди», - деди.

Ошондой эле ал мектеп жана бала бакчалардын имараттарына видеокамералар орнотулганын айтты.

«Бул аркылуу биз мекеме-ишканалардагы адистер элди кандай тейлеп жатканын көрүп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Ал эми видео көзөмөлгө жазылган маалыматтар 1 айга чейин сакталып, керектүү учурда колдонулат. Ар бир мектепке 15-18 даана видеокамера орнотулду. Ага 500 миң сомдон ашык каражат бөлүнгөн», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×